Украинанын "Энергоатом" компаниясы 6-августта Запорожье атомдук электр станциясындагы үч блоктун бири өчүрүлгөнүн билдирди.
“Запорожье атомдук электр станциясынында жасалган чабуулдан улам авариялык коргонуу системасы иштеп, үч энергоблоктун бири өчүрүлдү”, - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Украинанын президенттинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак муну Орусиянын "өзөктүк терроризми” деп атады.
Жакында эле Запорожье атомдук электр станциясы аткылоого кабылган. Соккулардын бири жогорку чыңалуудагы электр зымдарынын бирине тийген. Кийинчерээк компания “Луч” электр станциясы талкаланып, алты кичи район жарыксыз калганын кабарлаган.
Экинчи аткылоодо соккуулар өзөктүк реактор жайгашкан бөлүккө тийген. Компаниянын айтмында, мындай кырдаалда радиоактивдүү заттар чыгып кетүү тобокелчилиги бар.
Орусия бул чабуулга украин аскерлерин айыптайт. Согушту изилдөө институту кайсы тарап аткылаганын аныктоо мүмкүн болбой жатканын маалымдады.
Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына орус аскерлери кирип, кандайдыр бир жүк түшүрүп жатканы тартылды делген видеону The Insider басылмасына булактары 2-августта жөнөткөн. Ал маалыматта станциянын машина залына мина коюлганы айтылат. Башка маалымат боюнча жардыруучу каражат станциянын айланасына коюлган.
Согуштук кырдаалда бул маалыматты бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Кыргызстанда карактоо жана тоноо кылмыштары көбөйдүУкраинада орусиялык 903 актив конфискацияланат75 жаштагы ардагер алты мамлекетти велосипед менен кыдыратКыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Консул маалымдайт” долбоору иштей баштаганын билдирдиКантты жеңилдетилген баа менен ташып келүү мөөнөтү узартылдыСаламаттык сактоо министрлиги кандын запасы дээрлик жок калганын билдирдиУлуттук банк 29 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтотконЖогорку окуу жайларда этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүндү