Кыргызстанда карактоо жана тоноо кылмыштары көбөйдү

Өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уурулук 1,4%, карактоо 15%, тоноо 5% көбөйгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт. Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылды.

Расмий статистикага ылайык, опузалап акча талап кылуу 2,5%, алдамчылык 24%, жалпы өзгөчө оор кылмыштар 30% азайды.

Өлкөдө жарым жылдын ичинде жалпы 23 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,7% аз дегенди түшүндүрөт. Бирок жакында эле ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштар 47% азайганын маалымдаган болчу. (TSh)

Дагы караңыз

Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат75 жаштагы ардагер алты мамлекетти велосипед менен кыдыратКыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Консул маалымдайт” долбоору иштей баштаганын билдирдиКантты жеңилдетилген баа менен ташып келүү мөөнөтү узартылдыСаламаттык сактоо министрлиги кандын запасы дээрлик жок калганын билдирдиУлуттук банк 29 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын токтотконЖогорку окуу жайларда этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүндү