TOEFL эл аралык англис тили сынагын өткөргөн ETS компаниясы Орусия менен Беларустун жарандарына 4-августтан тарта дистанциялык түрдө же өз өлкөсүнөн тышкаркы жерлерде каржылык тоскоолдуктар жок болсо, тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Mediazona ETS өкүлү Стефани Уинтерске таянып билдирди.
Март айында Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан кийин, ETS Орусия менен Беларуста сынактарды токтоткон. Андан соң бул өлкөлөрдүн жарандары чет өлкөдө сынак тапшырууга аргасыз болушкан.
Августтун башында орусиялыктар "АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын талаптарынын алкагында TOEFL сынагын тапшыруу мүмкүнчүлүгүн чектөө" тууралуу эскертүү алышкан жана анкетада Орусиянын жарандыгын көрсөткөн жаңы колдонуучулар каттоодон өтө алышкан эмес.
ETS өкүлү эскертүү сынак алуучулардын жарандыгы тууралуу эместигин, компаниянын өнөктөштөрүнө коюлган чектөөлөрдөн улам Орусияда бетме-бет тестирлөө жүргүзүү мүмкүн эместиги жөнүндө экенин түшүндүрдү.
- Көптөгөн чет элдик университеттерге кирүүдө жарандын англис тилин билгенин тастыктаган TOEFL жана IELTS сертификаттары талап кылынат.
Дагы караңыз
Жапонияда нөшөрдөн улам 100 миңден ашуун адамга жай которуу сунушталдыАраб координациялык тобуна мектептерди жаңылоо долбоорлору сунушталды