Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Араб координациялык тобуна мектептерди жаңылоо долбоорлору сунушталды


Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022

Араб координациялык тобуна Кыргызстандагы эски мектептерди жаңылоо долбоорлору сунушталды. Ал ишке ашса 45 миң окуучу мектеп жана ушундай эле сандагы жеткинчектер бала бакча менен камсыздалат, 3000 мугалимге жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирип, грант жана насыя багытында сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын айтты.

Министрдин белгилешинче, өлкө аймагында 245 мектеп авариялык абалда турат. Имарат жетишпегендиктен, 126 мектепте окутуу үч сменде жүргүзүлөт. Алты жашка чейинки балдардын 22,5% гана бала бакчага барат.

"Мамлекеттик курулуш агенттиги 100 миллион доллардын тегерегинде мектептердин курулушу тууралуу, ал эми Билим берүү жана илим министрлиги 60 миллион доллардын тегерегинде мектептерди жана бала бакчаларды куруу боюнча демилге көтөрүп жатабыз".

Республика боюнча мектептердин саны 2300дөн ашат.

3-августта Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун жаткан төртүнчү жыйыны өтүп, Кыргызстанда ишке ашырыла турган 13 долбоорду каржылоо маселеси каралган. Министрлер кабинетинин сайтында 2022-2026-жылдарга кызматташуу жемиштүү талкууланганы жазылды. Негизги жардам билим берүү тармагына каратылмакчы.

Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар.

Топтун алгачкы отуруму Кыргызстанда 2009-жылы өткөн.(SE)

XS
SM
MD
LG