Алтынбек Жумаев кызматтан бошотулуп, президентке кеңешчи болду

Алтынбек Жумаев

Алтынбек Жумаев Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-августта кол койду.

Мамлекет башчысынын ушул күнкү дагы бир жарлыгы менен Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев аталган кызматты жетектөөгө 2021-жылдын 28-декабрында дайындалган. Ага чейин "7-канал" телеканалын башкарган. (SE)

Дагы караңыз

Араб координациялык тобуна 13 долбоорду каржылоо сунушталуудаЫсыктан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеттиАКШ Алина Кабаева баштаган орусиялык жарандарга санкция салдыОрусиянын соту Украинанын "Азов" полкун террордук уюм деп таптыОрусиянын жарандарына TOEFL сынагына катышууга тыюу салындыДүкөндөгү видеосу тараган жетекчи кечирим сурады, ага эскертүү берилди