Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Орусиянын жарандарына TOEFL сынагына катышууга тыюу салынды


Эл аралык TOEFL англис тили сынагын уюштурган ETS уюму орус паспорту менен тестке катталууга, ошондой эле буга чейин алынган жыйынтыктарды университеттерге жөнөтүүгө тыюу салды.

ETS “АКШнын Каржы министрлигинин талаптарынан улам” Орусиянын жана Түндүк Кореянын жарандарына сынактарга кирүүгө тыюу салынганын маалымдады.

Би-Би-Си жазганына караганда, эгер сынак тапшыруучу орус жараны экенин көрсөтсө, анда системада "Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) талаптарына ылайык, сиз TOEFL кызматын колдоно албайсыз" деген мазмунда билдирүү чыгат.

OFAC - АКШнын Каржы министрлигинин санкциялардын сакталышын көзөмөлдөгөн департаменти.

  • 10-мартта ETS жана IELTS Орусия менен Беларуста тестирлөөнү токтоткон. Андан соң бул өлкөлөрдүн жарандары чет өлкөдө сынак тапшырууга аргасыз болушкан.
  • Көптөгөн чет элдик университеттерге кирүүдө жарандын англис тилин билгенин тастыктаган TOEFL жана IELTS сертификаттары талап кылынат.

XS
SM
MD
LG