Араб координациялык тобуна 13 долбоорду каржылоо сунушталууда

Чолпон-Атада өтүп жаткан жыйын.

Араб координациялык тобунун Чолпон-Атада өтүп жаткан төртүнчү жыйынында Кыргызстанда ишке ашырыла турган 13 долбоорду каржылоо маселеси каралууда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, каражаттар төмөнкү тармактарга жумшалат:

- ипотекалык насыялоо;

- транспорт;

- саламаттыкты сактоо;

- ирригация;

- билим берүү;

- байланыш тармагы.

3-августта башталган жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Касымалиев баштаган аткаминерлер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар.

Араб координациялык тобунун үчүнчү жыйыны 2017-жылы Бишкекте өтүп, Кыргызстанда 10 долбоорду каржылай турганы маалымдалган. Анын ичинде Ысык-Көл айлампа жолун оңдоо, Инновациялык медициналык борборду түзүү, Талас, Баткен облустарын таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор бар эле.

Топтун алгачкы отуруму Кыргызстанда 2009-жылы өткөн.(SE)

Дагы караңыз

Ооганстан Өзбекстанга электр энергиясы үчүн карызын төлөдүТөкмө акындардын медиасабаттуулукка арналган айтышынын финалы болотЫсыктан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеттиОрусиянын жарандарына TOEFL сынагына катышууга тыюу салынды