Активист Адил Турдукулов көчөдөгү чагымчыл аракетке жооп бербөөнү туура көргөнүн айтты

Адил Турдукулов (оңдо) кабылган окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Жарандык активист Адил Турдукулов бүгүн 2-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кабылган окуяга байланыштуу милицияга кайрылбай турганын билдирди. “Азаттыктын” окуя тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал чагымчыл аракетке жооп бербегенин, кол салган адамдын мындай мамилеси өзүнүн жеке көз карашына байланыштуу гана болушу ыктымал экенин айтты, бирок окуянын өзү Украина темасына карата Кыргызстандагы ой жүгүртүү кандай болуп жатканынын далили катары кабыл алса болорун белгиледи.

Окуянын видеосун бүгүн Турдукуловдун жубайы Умай Арыкова социалдык түйүндөргө жарыялап, кафеден чыгып баратышканда бир киши кол салганын, аларды саткындар деп атаганын билдирди жана атайын кийимчен ошол киши ооган согушунун ардагери болушу ыктымал экенин жазды.

“Адил Украинада болуп, ал жакта нацисттер жок экенин көрсөткөнү үчүн ал бизди мекенин саткандар деп атады”, - деди Арыкова.

Турдукулов жакында жеке репортаж тартуу үчүн Украинага барып келген. Ал карапайым калктын жашоо-турмушу Орусия басып киргенден кийин кантип өзгөргөнүн, жакындарынан айрылгандардын кайгысын, колуна курал алып туулган жерин коргоп жаткан адамдардын үмүт-тилегин көрсөтүүнү көздөй турганын айткан.

Орусия Украинага быйыл 24-февралдагы кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Кытайдын эскертүүсүнө карабай Нэнси Пелоси Тайванга кондуКыргызстандык дзюдочулар АКШнын ачык чемпионатында сегиз алтын байге алдыПакистанда аскердик тик учак кулап, алты адам өлдүТүркия украин данын ташыган алгачкы кеме пландалгандан кечигип жатканын маалымдады