Боомдогу селден улам жабылган унаа жолу бир тараптуу ачылды

Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Жол каттамы эки тараптуу жабылган. Мындан улам жол тыгыны пайда болгон.

Бишкек - Балыкчы темир жол каттамы дагы селге байланыштуу убактылуу жабылганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.

ӨКМ 29-30-июлда Ысык-Көлдүн айрым айылдарын сел каптаганын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Газпром" Латвияга газ берүүнү токтоттуСадыр Жапаров темир жол долбооруна ШКУнун саммитинде кол коюуну сунуштады"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөл абакта киши колдуу болдуТажикстанда оппозиция лидеринин бир тууганы 18 жылга соттолду