Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Садыр Жапаров темир жол долбооруна ШКУнун саммитинде кол коюуну сунуштады


Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. 30-июль, 2022. Чолпон-Ата.
Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. 30-июль, 2022. Чолпон-Ата.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушууда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, глобалдык жана чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Жапаров жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду. Кытай адистеринин Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылык билдирди. Жол боюнча тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады жана Кытай лидери Си Цзинпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан долбоорун ишке ашыруу маселесине токтолуп, Бээжин үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

"Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз", — деди Ван И.

Кытайдын башкы дипломаты менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык кызматташуу талкууланганы маалым болду.

Тараптар анда Чүй өрөөнүн сугат суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ Чүй каналы-2 (ОЧК-2) долбоорунун маанисин белгилешти.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG