"Дөө Чыңгыз" атка конгон кримтөбөл абакта киши колдуу болду

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын камераларынын биринде киши колдуу болгонун Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.

"Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат", - деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда караган. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болору кабарланган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген.

Ага чейин Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 8-июлда Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айрым журналисттер жазып чыккан. УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров темир жол долбооруна ШКУнун саммитинде кол коюуну сунуштадыАба ырайы: сел жүрүү коркунучу эскертилдиТажикстанда оппозиция лидеринин бир тууганы 18 жылга соттолду