Бишкек - Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын тиешелүү кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын аталган мекемеден билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө министрликтин нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тартылган.
Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.
ӨКМ Ысык-Көлдүн айрым айылдарын сел каптаганын кабарлаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Өкмөт электр энергиясына карата жаңы, чексиз тарифин киргизүүдөЖаңы стадион үчүн Орок айылынан 21 гектарга жакын жер бөлүндүОрусиядагы кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдө эс алатОрусиянын калкы беш айда 430 миң кишиге кыскарды