Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Жаңы стадион үчүн Орок айылынан 21 гектарга жакын жер бөлүндү


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында 20,78 гектар аянттагы жер тилкеси дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жерди максаттуу, багыты боюнча пайдалануу тапшырмасы берилди.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жакында долбоордун наркы белгилүү болорун, пайдубалына капсула орнотуу иш-чарасына президент катышарын, жаңы стадион 23 миң көрүүчүгө ылайык куруларын айткан.

Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу быйыл август айында башталарын мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин билдирген.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG