АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен февраль айынан бери биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү.
Алар Вашингтондун абактагы жарандарды алмаштыруу жана Орусиянын Украинага басып киришин талкуулашты.
Associated Press жазгандай, Блинкен Лавровду абактагы жарандарды алмаштыруу боюнча Вашингтондун сунушуна көнүүгө чакырды.
АКШ болжол менен Орусияда кармалып турган америкалык баскетболчу Бритни Гринер менен АКШ деңиз флотунун мурдагы аскери Пол Уиланды АКШда курал сатууга айыпталган орусиялык Виктор Бутка алмаштырат.
Уилан Орусияда тыңчылык үчүн соттолгон. Ал эми Гринер АКШ "Москва Украинага кол салышы мүмкүн" деп улам эскертип жаткан маалда камалган.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “белгилүү спортчу тыюу салынган каражаттарды сактаганы үчүн кармалгандыктан анын ишинде эч кандай саясий жүйө жок” деп айткан. Буга чейин CNN телеканалы абактагыларды алмашуу планын АКШ президенти Жо Байден жактырганын билдирген.
АКШнын мамкатчысы Блинкен Орусиянын башкы дипломаты Лавров менен болгон сүйлөшүүсү негизинен ушул темага арналып, “түз жана ачык” болгонун айтты.
Блинкен Лавров менен алмашуу маселесин гана талкуулабастан, Москва Украинанын портторунан дан экспорттоо боюнча келишимди аткаруусу зарыл экенин жана Украинанын түштүк жана чыгыштагы аймактарын аннексиялоонун кесепеттерин эскертти.
27-июлда Энтони Блинкен Кошмо Штаттар Орусияда абакта кармалып турган эки америкалык жаранды бошотууга байланыштуу орус тарапка олуттуу сунуш берилгенин айткан. Сунуштун мазмунун так айткан эмес.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Лавров Блинкен менен сүйлөшүүсүндө Орусиянын Украинага басып киришинин максаттары "толугу менен ишке ашарын" белгиледи деп жазды. Ал Украинаны курал менен колдоо "чыр-чатакты узартып, курмандыктарды көбөйтө" турганын айткан.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, эки дипломаттын сүйлөшүүсү Украинанын тегерегиндеги маселелерди талкуулоого арналган. Министр эл аралык азык-түлүк рыногундагы кырдаал АКШнын Орусияга каршы санкцияларынан улам татаалдашып баратканын айтып, туткундарды алмашуу маселесин ачык эмес, "тынч дипломатия режиминде" талкуулоону сунуштады.
Дагы караңыз
Киев Еленовкадагы абакка орусиялык күчтөр сокку урганын билдирдиЛавров АКШ менен Орусия абактагы эки жаранды алмаштырарын ырастады“Центерра Голд” Кыргызстандын компаниядагы акцияларын биротоло жойдуОрусиядагы кыргыз жарандары арасындагы кылмыштуулук көйгөйү талкууланды