Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Орусиядагы кыргыз жарандары арасындагы кылмыштуулук көйгөйү талкууланды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар арасында кылмыштуулук көбөйгөнүн талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйын Москвадагы кыргыз диаспорасынын демилгеси менен уюштурулганын элчиликтен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 27-июлда өткөн жыйында элчиликтин жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери быйылкы жылдын биринчи жарымында аткарган иши боюнча кыскача маалымат беришти, кыргыз жарандарынын бул өлкөдө легалдуу жүрүшүнө тоскоолдук жараткан көйгөйлөр тууралуу да сөз болду.

Жыйынтыгында кылмыштуулукка каршы мындай талкууларды дагы өткөрүп туруу макулдашылды.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары арасында административдик-укуктук мыйзам бузгандардын саны 2020-жылга караганда 1,5 эсе өскөнүн быйыл 28-июнда Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирген. Анын айтымында, негизги себептердин катарында Орусияга кирип-чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкогол жана маңзат колдонуу сыяктуу фактылар бар.

Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Орусиянын абактарында 985 кыргыз жараны отурат. Камакка алынгандардын 30% маңзат кылмышы боюнча кармалгандар.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG