Москвада өрт кырсыгынан каза болгон жана жараат алган мигранттардын арасында, баштапкы маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу 29-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчиликтин маалыматына таянып билдирди.
Өрт 29-июлга караган түнү Москванын түштүгүндөгү көчөлөрдүн бириндеги хостелде тутанган. Каза болгондор сегиз адам экени, 200дөй адам эвакуация болгону, Орусиянын тийиштүү мекемелери териштирүү жүргүзүп жатышканы, элчиликтин кызматкерлери да ошол жерде болуп жатышканы айтылды.
ТАСС агенттиги билдиргендей, жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыккан өрттөн 100 чарчы метрдей аянт күйгөн. Каза тапкандардын баары мигранттар, алар бир бөлмөдө жаткан жана кырсык маалында уйкуда болуп, өрттүн исине ууккан. Жалын электр кубатынан чыгышы ыктымал, ал эми терезелерге коюлган темир тор жана өрт тууралуу кеч жеткен маалымат көп адамдын жабыркашына себеп болгон.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны учурда Орусияда эмгек миграциясында жүрөт.
2016-жылы Москвада типографиядагы өрт кырсыгынан кыргызстандык 14 кыз-келин каза болгон. (RK)
Дагы караңыз
ККМ колдонгондор көбөйүп, салык 26 миллиард сомго көп чогулдуМөңгүлөрдүн азайышы: Альпы менен Жуукудагы көчкүАбак кайтарган жоокер каза болдуМайлуу-Суу: 13 жаштагы кыз төрт күндөн бери дайынсыз болууда