Министр: Январь окуяларында Казакстандан 300 кыргызстандык чыгарылган

Январь окуяларынан кийин Алматы шаарындагы мамлекеттик имараттардын бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы Январь окуясында 300дөн ашуун кыргызстандыкты мекенине чыгарган.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлда мекеменин жарым жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып айтты. Ага ылайык, жарандардын көпчүлүгү Алматы жана Чымкент шаарларынан чыгарылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетип, алардын арасында эки кыргызстандык - Бактыяр Базарбаев менен Азис Мусаев да болгон. Алар Алматы шаарында иштеп жүрүшкөн.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган. Кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковго “Кыйноо” беренеси менен иш козголуп, кийин алар тергөөгө катышпаганы үчүн убактылуу токтотулган.

Ушул күндөрү эки кыргыз жараны Казакстанда камакта жатат. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши тергөөдө экенин, анын жыйынтыгын күтүп жатканын гана билдирип келет.

Дагы караңыз

Science: коронавирус Ухандагы жаныбарлар базарынан жайылган АКШ Сенаты Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга чакырдыКыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, 556сы Бишкекке жеткирилдиНазарбаевдин өкүлү экс-президент Түркияда орусиялык саясатчылар менен жолукпаганын билдирди