Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:04

АКШ Сенаты Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга чакырды


Түштүк Африкада жашаган украиналыктардын акциясы. Йоханнесбург, 20-июль, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Түштүк Африкада жашаган украиналыктардын акциясы. Йоханнесбург, 20-июль, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Сенаты Ак үйдү Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга чакырды. Шаршембинин кечинде колго салынган резолюция бир добуштан жактырылды. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Документте сенаторлор Орусиянын Чеченстан, Грузия, Сирия жана Украинадагы аракеттери "чексиз сандагы бейкүнөө эркектердин, балдар менен аялдардын өлүмүнө" алып келгени белгиленет.

Ушундай эле резолюция АКШ парламентинин төмөнкү палатасынын кароосуна берилди.

Бирок мыйзам чыгаруучулар бул чечимди өз алдынча кабыл ала алышпайт, андай кадамды Мамлекеттик департамент жасоого тийиш.

3-майда Конгресстин кош палатасына украин парламенти – Верховна рада кайрылып, Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга үндөгөн. Ушундай эле чакырыктарды президент Владимир Зеленский жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба таштаган.

Ошондой "кара тизмеге" буга чейин Вашингтон төрт өлкөнү – Сирия, Иран, Куба жана Түндүк Кореяны киргизген. Мындай кадам дипломатиялык алалкаларды үзүүнү жана катаң санкцияларды салууну билдирет.

XS
SM
MD
LG