Бишкекте маршруттук автобус жол кырсыгына учурап, төрт жүргүнчү жараат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус жол кырсыгына учурап, ичиндеги төрт адам жараат алды. Бул тууралуу бүгүн 28-июлда Бишкек шаардык кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди:

“Болжол менен саат 7:40 чамасында 105-маршруттук унаа Сухэ Батор көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Юнусалиев көчөсүнөн солго бурулганда “Фольсфаген Пассат” үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында 105-маршруттук унаадан төрт жүргүнчү жаракат алды”.

Окуя болгон жерден тартылып, социалдык түйүндөр аркылуу тарап жаткан сүрөт-видеодон маршруттук автобус бир капталына оодарылып жатканын көрүүгө болот.

2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4 миңдей адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын айынан болорун адистер айтууда. Кырсыктан каза тапкандардын 70 проценти 25-40 жаштагы ишке жарамдуу адамдар. (RK)

Дагы караңыз

Президенттин гендердик маселелер боюнча кеңешчиси кызматын ачуу сунушталдыМиграция: мээримге зар болгон, кордолгон балалыкИрак менен Сириянын абактарында кыргызстандык 200 аялдын жана 400 баланын тизмеси аныкталдыЗеленский Украина Европага электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтөрүн айтты