Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Ирак менен Сириянын абактарында кыргызстандык 200 аялдын жана 400 баланын тизмеси аныкталды


Сирия. Архивдик сүрөт.
Сирия. Архивдик сүрөт.

Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын 27-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министрдин айтымында, тизмени тактоо иши уланууда, аймактардагы абактарда отургандар тууралуу маалымат алуу оор болгондуктан алардын чыныгы саны көбүрөөк болушу ыктымал.

Кулубаев кыргызстандык аялдар менен балдарды мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок өкүмдөрдүн оордугун эске алганда бул иш татаал экенин эскертти.

2021-жылдын март айында Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баласын кайтарып алган. Алардын 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн.

2021-жылдын 1-февралында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG