Украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтө турганын жана Орусия газ берүүнү азайтып жаткан шартта Европанын энергетикалык коопсуздугунун кепилдиктеринин бири боло аларын билдирди.
27-июлдагы видео кайрылуусунда ал электр энергиясын экспорттоо Украинанын чет өлкөлүк валютадагы кирешесин көбөйтүүгө гана шарт түзбөстөн, өлкөнүн өнөктөштөрүнө орусиялык энергетикалык кысымга туруштук берүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.
Украинанын электр түйүнү Европаныкына быйыл март айынын ортосунда туташтырылган. Бул ага Орусия кол салганына карабастан электр менен үзгүлтүксүз камсыздалышына шарт түзүп жатат.
Европага Румыния аркылуу экспорттоону Украина июль айынын алгачкы күндөрүндө баштаган. Германиянын энергетикалык мекемеси Орусиянын “Газпрому” Европага “Түндүк агым-1” кууру аркылуу газ жөнөтүү көлөмүн 20 процент азайтканын 27-июлда билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстан менен Чеченстан ортосунда түз аба каттамы ачылуудаУкраинанын түштүгүндөгү орус аскерлери орун которууда АКШ Орусияда абакта отурган эки жараны боюнча олуттуу сунуш берилгенин билдирди Кумтөр: коруктун аймагынан алтын казылабы?