Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Кыргызстан менен Чеченстан ортосунда түз аба каттамы ачылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Чеченстан ортосунда түз аба каттамы ачылганы жатат. Бул тууралуу 27-июлда “Урал аба жолдору” компаниясы билдирди.

Алгачкы учак 11-августта Чеченстандан учуп келет. Грозный–Бишкек–Грозный каттамы ар жуманын бейшемби күндөрү ишке ашырылып турат.

10-июндан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамчы айылындагы аэропортко Орусиядан учактар түз каттай баштаган. Москвадан, Екатеринбургдан, Санкт-Петербургдан жана Новосибирскиден жумасына бир нече жолу каттап турушат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган аба каттамдары толук калыбына келди. Орусиянын бир нече шаарына темир жол каттамы да кайра ачылды. Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG