Украин аскерлери Орусия көзөмөлгө алган Антонов көпүрөсүн аткылашты

Антонов көпүрөсү. Архивдик сүрөт

Украинанын куралдуу күчтөрү 27-июлга караган түнү орус аскерлери ээлеп алган Херсонго жакын жердеги Антонов көпүрөсүн аткылагандан кийин ал жол жабык турат. Бул тууралуу облустун оккупациялык бийлигинин жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов билдирди. Анын айтымында, сокку HIMARS системасынан урулган.

Ал эми украин командачылыгы сокку “өтө таамай” урулганын белгиледи.

Ошондой эле Днепр дарыясындагы темир жол көпүрөсүнө зыян келтирилгени маалымдалды.

Стремоусов бери дегенде он ракета атылганын, жарымын атып түшүрүшкөнүн айтты. Көпүрөнү оңдоо иши жүрүүдө.

Орус күчтөрү көзөмөлгө алган стратегиялык Антонов көпүрөсү аркылуу алар Днепрдин оң жээгиндеги аскерлерин каруу-жарак менен камсыз кылып келатат. Британ чалгынчылары күндөлүк бюллетинде белгилегендей, Херсон облусундагы салгылашууларда дарыянын эки жагын байланыштырган жолдор негизги фактор болорун болжолдойт.

Буга чейин да украин жоокерлери сөз болгон көпүрөнү аткылагандан кийин ал жүк ташуу үчүн жабылган. Анда да HIMARS колдонулганы айтылган.

Дагы караңыз

Владимир Зеленскийге Уинстон Черчилл атындагы сыйлык ыйгарылдыБлогер Адилет Балтабай жарандык пикири үчүн камалганын айтты13 жаштагы кызга байланыштуу соттук териштирүүлөр уландыМинистр: Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун үч чакырымы курулду