Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:59

Министр: Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун үч чакырымы курулду


Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.
Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.

Быйыл март айында Кочкор районунда курулушу башталган Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун үч чакырымы курулду. Бул тууралуу өкмөттүн 27-июлдагы басма сөз жыйынында транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев кабарлады.

29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айткан.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов министр Осоевдин маалыматын ырастады. Ал жалпы узундугу 63 чакырым деп пландалган жолдун алгачкы беш чакырымын быйыл жыл соңуна чейин куруу каралганын айтты.

Темир жолдун курулушуна байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, жол өлкө келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкесин куруу пландалып жатканы маалымдалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG