Араб өлкөлөрүнө жаңы авиа каттамдар ачылууда

"Манас" аба майданы. 2018-жылдын 6-октябры.

Кыргыз Республикасынын элчиликтери тарабынан быйыл жарым жылда араб өлкөлөрүнө бир катар жаңы авиа каттамдарды ачуу иштери аткарылды. Бул тууралуу 27-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Атап айтканда «Эль-Кувейт-Бишкек-Эль-Кувейт», «Шарджа-Бишкек-Шарджа», «Шарджа-Ош-Шарджа», «Жидда-Бишкек-Жидда» каттамдары боюнча түз авиа каттамдар (чартер) ачылып жатат.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиа каттамдар да толук бойдон калыбына келтирилди.

Азыркы тапта Орусиянын ар кайсы шаарларына аптасына 126 ирет учактар каттап жатат.

Дагы караңыз

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу уланууда Мектеп директорлорунун бош орундарына конкурс жарыяландыЕвропа Орусиянын газ "шантажына" алдырбай турганын айтты