Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

Европа Орусиянын газ "шантажына" алдырбай турганын айтты


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна маек курууда. 2022-жылдын 26-июлу.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна маек курууда. 2022-жылдын 26-июлу.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Европа Биримдиги Москванын газ "шантажына" алдырбай турганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна 26-июлда берген интервьюсунда билдирди.

Бербок "Газпром" Германия менен Орусиянын ортосундагы "Түндүк агым 1” кууру аркылуу ташылган газдын көлөмүн 20 пайызга азайтканын белгилеп, Германия менен Еврошаркет Орусиянын мындай тактикасын биримдиктин мамлекеттери ортосуна чок таштоо катары баалай турганын айтты. Европа буга чейин болуп көрбөгөндөй ынтымакта турганын, азыр орус газынан көз карандылыктан кутулуунун удулу келгенин жакшы түшүнүшөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Еврошаркет Орусиянын газынан мүмкүн болушунда 100 пайыз эртерээк кутулуунун жолун карап жатат.

Акыркы күндөрдө “Газпром” 10 күндүк ремонттон кийин "Түндүк агым 1" кууру менен Европага менен газ берүүнү жанданткан. Бирок оңдоо иштерине байланыштуу деген жүйө менен 27-июлда газ берүү кайра кыйла кыскартылды. Германия да, Европа Биримдиги дагы буга эч себеп жок экендигин жарыялады. Алардын айтымында, Орусиянын бул кадамдары аларга салынган санкцияга жана Украинадагы согушка байланыштуу.

Европа 2021-жылы керектеген газдын 40 пайызын Орусиядан сатып алган. (КО)

XS
SM
MD
LG