Жогорку сот Next TV боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Next TVнын директору Таалай Дүйшөмбиев темир тор артында.

Жогорку сот Next TV телеканалынын социалдык тармактарга тараткан маалыматын экстремисттик деп тапкан Биринчи май райондук соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды. Бүгүн өткөн соттун жыйынында ошону менен Башкы прокуратуранын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Мурда көзөмөл орган телеканалдын көрсөтүүлөрүн таптакыр токтотуу өтүнүчүн да келтирген, бирок сот аны четке каккан. Ошондон кийин мурда жабылган телеканал көрсөтүүлөрүн кайра калыбына келтирген.

Быйыл 3-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы камакка алган. Ал Кылмыш кодексинин 330-беренесинин (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде козголгон иштин алкагында кармалган.

Прокуратура Next TV өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин билдирүүсүнө таянып туура эмес маалымат тараткан деген версияны карманууда.

Дүйшөмбиев сотто өзүнө коюлуп жаткан айыпты моюнуна алган эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерди маалымат таратууда этият болуп, эрежелерди сактоого чакырган.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, медиа уюмдар Next TV телеканалы жана анын директоруна байланыштуу иштерди сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалап келишет. (KO)

Дагы караңыз

"Центерранын" акционерлери Кумтөр келишимин колдоду“Талибан” Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын билдирдиОшто жол кырсыгынан Орусиянын үч жараны каза таптыКоронавирусту танган Түркмөнстан илдетке каршы чараларды күчөтүүдө