Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:11

“Талибан” Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын билдирди


Ооганстан жана Өзбекстан тышкы иштер министрлеринин кездешүүсү. Ташкент. 26-июль, 2022-жыл
Ооганстан жана Өзбекстан тышкы иштер министрлеринин кездешүүсү. Ташкент. 26-июль, 2022-жыл

Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана чөлкөмдүн башка өлкөлөрүнө коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки 26-июлда Ташкентте өзбек тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен кездешүүдө билдирди.

Муттаки Өзбекстандын баш калаасына “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген.

Жыйынга 20дан ашуун мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар “Талибанды” эл аралык коомчулуктун талаптарын тез арада аткарууга, ооган коомунун бардык катмарынын өкүлдөрүн камтыган өкмөт түзүүгө, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын камсыз кылууга, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө чакырышты.

Шейшембиде конференцияда сөз сүйлөгөн Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Абдулазиз Камилов президент Шавкат Мирзиёевдин талибдердин өкмөтүн террорчулар менен байланышты үзүүгө үндөгөнүн айтты.

Бул жыйынга Кыргызстандын делегациясын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков жетектеп барды.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылганы кабарланган. Кийин талибдер кошуна мамлекеттерди аткылаган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялашкан.

Ооганстандын башына келгенине дээрлик бир жыл болгон "Талибан" кыймылынын өкмөтүн эл аралык коомчулук тааный элек.

XS
SM
MD
LG