БУУ: Согуш башталгандан бери Украинада 5237 карапайым киши набыт болду

Мариупол. 9-март, 2022-жыл

Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинада 5237 карапайым киши, арасында 348 бала набыт болду. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси таратты. Статистикага ылайык, маркумдардын 2019у эркектер, 1379у аялдар, 143ү кыз жана 164ү эркек бала. Дагы 41 жеткинчектин жана 1491 чоң кишинин жынысын аныктоо мүмкүн боло элек.

Бардыгы болуп 7 миң 35 жай тургун жарадар болгон. Улуттар уюму эң көп киши ( 3120) март айында мерт кеткенин белгилейт. 1-июлдан 24үнө чейин 285 карапайым адамдын өлүмү катталды. Катардагы элдин арасындагы эң көп жоготуулар Луганск жана Донецк облустарында болгон.

Негизинен жайкын адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына кеңири аймакка жайылган жардыруучу жабдыктарды пайдалануу, анын ичинде оор артиллериядан жана реактивдүү системалардан аткылоо, ракеталардан жана абадан урулган соккулар алып келүүдө.

Буга чейин Украинанын Башкы прокуратурасы согуш башталгандан бери жашы жете элек 358 бала мерт кеткенин, 686сы жарадар болгонун билдирген. Жабыркагандардын көбү Донецк, Харьков жана Киев облустарына туура келет.

Дагы караңыз

Блинкен Армения менен Азербайжанга АКШнын арачылыгын сунуш кылдыДепутат Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу видеого түшүндүрмө бердиАкылбек Жапаров "Сбербанк" жетекчисинин чакыруусу боюнча Москвага бардыКазак Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө