Акылбек Жапаров "Сбербанк" жетекчисинин чакыруусу боюнча Москвага барды

Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Орусиянын борбору Москвада иш сапарда жүргөнүн 26-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сапар «Сбербанк» ачык акционердик коомунун жетекчиси Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

“Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, “Сколководогу” Киберкоопсуздук борборуна жана Data-борборго барып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт”, - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

"Сбербанктын" жетекчиси Герман Греф Улуу Британия Москванын Украинага карата кол салуусуна байланыштуу санкция салынгандардын тизмесине кирген ишкер. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз аскерлери эми Ташкентте да окуйтАрмиядагы зомбулук: жоокерлердин өлүмү иликтенет УКМК: «Кадастрдын» директору коррупцияга шектелип кармалдыДепутат Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу видеого түшүндүрмө берди