УКМК: «Кадастрдын» директору коррупцияга шектелип кармалды

УКМК.

УКМК.

Айыл чарба министрлигинин Жер ресурстары кызматына караштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору 25-июлда коррупцияга шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын 26-июлдагы маалыматына караганда, мекеменин жетекчилиги кол астындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү, “текшерүүчү органдарга берилет” деген шылтоо менен алардын айлыгынан 3-6 миң сомдон кармап калып жатканы аныкталды жана бул факт документтештирилди.

“Алынган далилдердин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат” деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жер ресурстары кызматынын сайтындагы маалыматта «Кадастрдын» директорунун аты-жөнү Эрнест Сулайманбеков экени жазылып турат.

Былтыр Сулайманбековго карата пара алууга байланыштуу иш козголгону маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз аскерлери эми Ташкентте да окуйтДепутат Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу видеого түшүндүрмө берди"Кыргыз адабиятына кызматы тоодой". Эл акыны Шаповалов дүйнө салдыБолочок мугалимдердин стипендиясына кошумча акча төлөнөт