Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

"Кыргыз адабиятына кызматы тоодой". Эл акыны Шаповалов дүйнө салды


Вячеслав Шаповалов.
Вячеслав Шаповалов.

Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Белгилүү адабиятчылар жана замандаштары кыргыз адабияты, анын ичинде котормо тармагы оор жоготууга учураганын айтып, эскерүүдө.

Акын, котормочу, адабият таануучу Вячеслав Шаповалов жалпысынан ыр жана поэмалар камтылган 15 китептин, алты монографиянын жана 300дөн ашык илимий, публицистикалык макалалардын, көптөгөн котормо китептердин автору.

Филология илимдеринин доктору, белгилүү адабиятчы Садык Алахан анын "Манас" эпосуна мамилесин кеп кылып, котормо теориясын мыкты билген адис катары эскерди.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

“Вячеслав Шаповалов кыргыз адабиятчыларынын чыныгы досу, кыргыз адабиятынын күйөрманы эле. Кыргыз акындарынын катардагы лирикалык ырларынан баштап, кыргыз поэзиясынын океаны болгон "Манаска" чейин которду. Болгондо да "Манас" эпосуна котормо теориясын эң мыкты билген адис, ошол эле кезде жалындуу ыр саптарды кан-жанынан жараткан акын катары мамиле кылып, анан которду. Ал кыргыз адабиятында гана эмес, же болбосо бүтүндөй Борбор Азиянын адабий айдыңында гана эмес, мурдагы Советтер Союзунун, андан ары Батыш менен Чыгыштын адабиятына таанылган инсан болду. 2021-жылы Москвадан чыккан “Безымянное имя” аттуу көлөмдүү китеби анын мыкты акын экендигин дагы бир жолу далилдеп турат”.

Адабиятчы кеп кылган жогорудагы көлөмдүү китепте автордун тандалган ырлары жана поэмалары камтылган. Акын Шаповалов "Манас" эпосунан сырткары орто кылымдардагы түрк поэзиясын орус тилине которгон.

Кыргыздын ойчул акындарынан Калыгул Бай уулунун, төкмө акындардан Токтогул Сатылгановдун, Барпы Алыкуловдун чыгармаларынан баштап, XX кылымдагы кыргыз адабиятынын классиктери Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев өңдүү бир катар акындардын чыгармачылыгына кайрылган. Ошондой эле Европа, Азия, Евразия дүйнөсүнүн атактуу акындарынын эмгектерин которгон.

Шаповалов менен бир катар жылдар чогуу иштеген кесиптеши, филология илимдеринин доктору Бахтияр Койчуев аны дүйнөлүк деңгээлдеги акын деп эсептейт. Ошону менен катар анын кыргыз адабиятына жасаган эмгегин өзүнчө белгиледи.

Бахтияр Койчуев.
Бахтияр Койчуев.

“Ал кыргыз маданиятын мыкты билчү жана кыргыз тилинде сүйлөй алган. Котормочу катары илимий планда көп эмгек жасады. Шаповаловдун кыргыз маданиятына болгон сүйүүсүн анын “Манасчынын туулушу” (“Рождение манасчи”) аттуу поэмасы эле далилдеп турат. Бул чыгармасында Манастын духун, кыргыз улутунун дүйнө таанымын мыкты ачып бере алган. "Манаска" арнаган эмгеги аркылуу, дегеле кыргыз адабиятына жасаган эмгеги аркылуу кыргыз адабиятынын тарыхына өз атын жаза алды".

Шаповаловдун ырлары жана котормолору Орусияда, Европада, Азияда жана АКШда – "Арион", "Дружба народов", "Знамя", "Иерусалим журналы" (Израил), "Интерпоэзия" (АКШ-РФ), "Литературная газета", “Новый журнал” өңдүү бир катар белгилүү басмаларда жарык көрүп, айрым эмгектери англис, француз, түрк жана башка тилдерге которулган.

Эл акыны Тазагүл Закирова Шаповаловду жеке көз карашы бар таланттуу акын катары эскерди.

Тазагүл Закирова.
Тазагүл Закирова.

“Биз 1975-жылдан баштап эл аралык фестивалдарга бирге катышып жүрдүк. Ошол жылдардан бери тааныйм. Өзү абдан маданияттуу, поэзиялык идеялары абдан күчтүү эле. Калдыр-шалдыры жок, чыныгы орус мүнөздүү, так киши болчу. Кыргыз поэзиясындагы өз таасири бар автор. Тагдырдын иши ушул экен, эми арабыздан өтүп кетти. Бирок калемгер өз учурунда татыктуу эле бааланды деген ойдомун”.

Шаповаловдун замандаштарынын бири, эл акыны Светлана Суслова акындын илимий жана көркөм эмгектерин анын артына калтырган мурасы экенин айтты.

Светлана Суслова.
Светлана Суслова.

“Ал профессор, илимдин доктору деген илимий наамдарга талбаган аракетинин найтыйжасында жетип отурат. Эл акыны бир катар абройлуу сыйлыктарга татыганы менен катар эле көптөгөн илимий-монографиялык эмгектердин автору болду. Атагы биздин өлкөдө эле эмес, чет өлкөлөрдө да таанылып, сый-урматка татыды. Бир топ шакирттерди тарбиялап кетти. Анын эмгектерин учурда студенттер пайдаланып жатышат. Ал биздин коомдогу орду чоң адам болгондуктан, мамлекет тарабынан “Данакер” ордени жана III даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды”.

Шаповалов тууралуу замандаштары социалдык тармактарда да эскерүүлөрдү жазып жатышат.


“Литературный Кыргызстан" журналынын жамааты Фейсбукка жарыялаган эскерүүдө кезинде атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы Шаповалов тууралуу жылуу пикир айтканы жазылган.

Вячеслав Шаповалов 1947-жылы 28-октябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Акын 2012-жылы чыккан "Евроазис" аттуу ыр жыйнагы менен Орусиядагы "Русская премия" аттуу эл аралык сыйлыкка татыган.

2017-жылы Кыргыз-Орусия Славян университетинин "Перевод" илимий борборун башкарып турган учурда III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-июлда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында өтөт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG