Бишкек милициясынын жыйынында аялдарга жана балдарга зомбулук күчөгөнү айтылды

Kyrgyzstan. Police. Bishkek. Azamat Nogoibaev. Militsia.

Үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук күчөп жатканы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. Мекеменин басма сөз кызматы 25-июлда билдиргендей, кылмыштын мындай түрү көбөйүп жатканы боюнча маселе талкууланып, бул багытта ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйынга ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, милиция кызматкерлеринин социалдык-укуктук жактан корголушун камсыздоо жана ошол эле учурда алардын өзүлөрүнүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш жүргүзүү керектигин айтты.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (RK)

Дагы караңыз

Орусиянын Одессадагы чабуулунан кийин буудай кескин кымбаттадыЗеленский Европаны Орусиянын "газ согушуна" каршы чара көрүүгө чакырды"Центерра Голддун" акционерлери Кумтөр келишимине байланыштуу резолюцияны жактырдыХерсон жана Запорожьеде Орусияга кошулуу «референдуму» өтүшү мүмкүн