Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

Орусиянын Одессадагы чабуулунан кийин буудай кескин кымбаттады


Одесса портундагы абал.
Одесса портундагы абал.

Орусиянын Украинанын Одесса портуна жасаган ракеталык чабуулу аскердик объектилерге гана багытталганы жана буудайдын экспортуна таасир тийгизбей турганы жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан 25-июлда буудайдын дүйнөлүк баасы кескин жогорулады.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Калибр» деп аталган эки ракета Одесса портунун жанындагы насостук станциянын жанына тийгенин, бутага аскердик гана инфраструктура алынганын жана буудайдын эскпорту тууралуу 22-июлда Стамбулда эки өлкө ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун жанан Түркиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге эч байланышы жок экенин айтты.

«Бул буудайды жүктөп баштоого таасирин тийгизге албайт жана тийгизбеши керек», – деди Песков журналисттерге 25-июлда.

Бирок ошол эле күнү Чикагодогу товардык биржада буудай төрт процентке кымбаттап, бир бушелдин баасы 7,86 долларга жетти.

Украина дүйнөдө буудай, жүгөрү жана өсүмдүк майын экспорттоочу негизги өлкөлөрдүн бири. Орусия кол салып, Украинанын деңиз портторун блокада кылгандан бери экспорт токтоп калган. Мунун айынан дүйнөлүк базардагы баа жогорулай түшкөн. Бириккен Улуттар Уюму мунун айынан кээ бир жакыр өлкөлөрдө ачарчылык жарылышы ыктымал деген кооптонуусун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG