Кытайдын космос программасын тескеген башкармалыгы экинчи модуль орбиталдык станцияга ийгиликтүү туташканын билдирди. Маалыматка караганда, "Вэньтянь" лабораториясы эксперимент жүргүзүүдө жана ачык космоско чыгууда пайдаланылмакчы.
Жекшембиде Хайнандагы космодромдон учурулган "Чанчжэн-5Б" ракета ташуучу "Вэньтянды" Жердин орбитасына 24-июлда алып чыккан.
22 тонналык модуль экипаж үчүн бөлмө, ачык космоско чыгуу эшиги, станцияны башкарган резервдик система менен жабдылган.
Күзүндө "Тяньгун" станциясына дагы бир лаборатория туташканда, ал толугу менен ишке даяр болмокчу.
Станция орбитада болжолу менен 15 жыл иш жүргүзөт. НАСАнын прогноздоруна караганда, Эл аралык космос станциясынын эксплуатациясы 2031-жылы аяктап, ал деңизге чөктүрүлөт. Ошондон кийин Кытайдын жабдуусу жападан-жалгыз орбиталдык станция болуп калмакчы.
Станция ишке киргиче бардыгы болуп үч модуль учурулушу керек.