Кытай курулуп жаткан космостук станциясынын экинчи модулун учурду

"Тяньгун" космостук станциясынын биринчи модулунун макети.

Кытай космосто куруп жаткан үч модулдан турган станциясынын экинчи модулун ийгиликтүү учурду. Космостук станция 2022-жылдын аягына чейин курулуп бүтөрү пландалууда.

23 тонналык лабораториялык модуль 24-июлда Хайнан аралындагы Вэньчан космос майданынан учурулду. Экинчи модуль үч бөлүктөн турат: жумушчу бөлүк, шлюз жана ресурстук бөлүк. Үчүнчү изилдөөчү модулду учуруу да быйылкыга пландалган.

Кытай станциянын негизги бөлүгүн алгачкы жолу 2011-жылы апрелде учуруп, “Тяньгун” станциясынын курулушу башталганын расмий жарыялаган.

Биринчи модулда башкаруучу, экипаж жашай турган бөлмөлөр жана илимий технологиялык изилдөө жүргүзө турган бөлүктөр жайгашкан.

Дагы караңыз

ДСУ башчысы маймыл чечегинин жайылышын өзгөчө кырдаал деп жарыяладыАКШ Одессадагы портко жасалган чабуулду айыптады Украинанын түштүгүндө кыйноого кабылгандар жөнүндө баяндама жарыяланды