Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

АКШ Одессадагы портко жасалган чабуулду айыптады


Одессадагы порт Орусиянын ракеталык чабуулунан кийин.
Одессадагы порт Орусиянын ракеталык чабуулунан кийин.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын Одесса портуна орусиялык күчтөрдүн сокку урушун айыптады.

Муну менен Москва Стамбулда кол коюлган дан экспорттоого тоскоолдук кылбоо тууралуу макулдашууну бузганын айтты.

Блинкендин билдирүүсүндө, дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин тереңдешине Орусия жооптуу. Ал Кремлди өз агрессиясын тез арада токтотууга, буга чейин макул болгон келишимдин шарттарын аткарууга чакырды.

Москва менен Киевдин расмий өкүлдөрү Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Андан бир күн өтө электе Орусия Одессадагы портко ракетадан сокку урган.

XS
SM
MD
LG