Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда чыгаан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.
Мааракеде сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Садыр Жапаров улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгынан улам, атайын жарлык кабыл алынып, иш-чаралар өтүп жатканын билдирди.
Жапаров "нарктын таасири эӊ жогорку деңгээлге өсүп чыгып, хан бийлигинен нарк күчтүү болгон” деди.
Мамлекет башчы эки чыгаан инсандын кыргыз элине жасаган эмгегин белгиледи.
Түгөлбай Сыдыкбеков – чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган. Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. "Күрөш" деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. "Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.
Советбек Жумадылов - актер, Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына татыган. Ал 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көлдүн Тепке айылында туулган. Ал 1955-жылдардан баштап кыргыздын бир топ белгилүү кинолорунда мыкты ролдорду жараткан. (TSh)
Дагы караңыз
Зеленский казак президентине Украина боюнча позициясы үчүн ыраазычылык айттыАКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын жөнөтөтУкраина: Кировоградск облусундагы ракеталык аткылоодон үч киши өлдүАктивистке улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголдуОрусиянын аскер күчтөрү Харьков жана Запорожьени аткыладыЫсык-Көлдө эс алуу жайында чыр салган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыНарында зомбулук боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылдыБеш жыл ичиндеги аскер өлүмдөрү иликтенетБишкекте көчөлөргө суу себүү иши бир жума уланат