Зеленский казак президентине Украина боюнча позициясы үчүн ыраазычылык айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ак ордонун сайты Токаевдин украин эгинин экспорттоодо Бириккен Улуттар Уюмунун аракети менен Түркияда кабыл алынган үч тараптуу келишимге оң баа бергенин кабарлады.

Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында Токаевге Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону жана Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрү боюнча позициясын ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Казакстандын президенти Токаев Владимир Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган эмес, колдогон да эмес. Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле учурда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым.

Токаев украин президенти Владимир Зеленскийге телефон чалган Борбор Азиянын алгачкы лидери. Буга чейин казак бийлигинин расмий өкүлү да Нур-Султан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын Брюсселде билдирген. Талдоочулар Казакстан мындай жолдор менен Батыштын туунду санкцияларынын алдын алууну көздөп жатканын айтышкан.

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынган. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон. (TSh)

Дагы караңыз

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын жөнөтөтУкраина: Кировоградск облусундагы ракеталык аткылоодон үч киши өлдүАктивистке улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголдуОрусиянын аскер күчтөрү Харьков жана Запорожьени аткыладыЫсык-Көлдө эс алуу жайында чыр салган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыНарында зомбулук боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылдыБеш жыл ичиндеги аскер өлүмдөрү иликтенетБишкекте көчөлөргө суу себүү иши бир жума уланат