Бишкекте көчөлөргө суу себүү иши бир жума уланат

Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Аномалдуу ысык жана кургак аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө суу себүү бир жумага уланат. Атайын техникалар күнүнө эки жолу көчөлөргө суу себет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Гидрометеорология борбору Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы 28-июлга чейин созуларын билдирди. Абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарында 35 градуска чейин жогорулайт.

Адистер мындай кургак жана ченемден тыш ысык аба ырайы учурунда күн ачык жерлерлерге көп чыкпай турууну, айыл чарба өсүмдүктөрүн кургатпай сугарып туруу зарыл экенин эскертүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

Иранда спикердин эс алуусу жөнүндө айтып чыккан активист камалдыСтамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлдуОоруканада көз жумган кыздын өлүмү иликтенүүдөМосква соту украин журналисти Гордонду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды