Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып абакта отурган блогер Батмакан Жолболдуеванын 21-июлга белгиленген соту жабыркаган тарап катышпагандыктан башка күнгө которулду. Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 28-июлга белгиленди. Иш Баткен райондук сотунда каралууда.
Жолдубаева Жалал-Абаддагы тергөө абагында отурат. Ош облустук ички иштер башкармалыгы ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Ээнбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
37 жаштагы Галымбетова быйыл 25-мартта Баткенде өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.
"Ютубда" 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарларды сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген.
Дагы караңыз
Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу: келишимге үч президент кол койдуАКШ Украинага аскердик учактарды берүү маселесин караштыруудаКазакбаев: Борбор Азияга күчтүү саясий-экономикалык бирикме керек БУУнун Шинжаң боюнча баяндамасын жарыялоого Кытай каршы чыкты