Италиянын премьер-министри Марио Драги кызматтан кетти

Марио Драги

Италиянын премьер-министри Марио Драги кызматтан кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, бул жолу президент Сержо Маттарелла анын арызын кабыл алды.

Драги күндүн экинчи жарымында парламенттин эки палатасынын өкүлдөрү менен жолугат. Парламент таратылып, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланат деп күтүлүүдө.

15-июлда президент премьер-министрдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл албай койгон. Драги иштен кетүү себебин башкаруучу коалициядагы партиялардын бири "Беш жылдыз кыймылынын" сенатта өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартканы менен байланыштырган.

14-июлда Италиянын парламентинин жогорку палатасы – сенатта Марио Драги баштаган өкмөткө ишенимин бышыктаган добуш берүү жүргөн. Ишеним көрсөтүү вотумуна 172 сенатор "макул" деп добуш берген, 39у каршы чыккан. "Беш жылдыз кыймылы" партиясы добуш берүүгө катышкан эмес. Аталган партия муну менен парламенттик көпчүлүктөн формалдуу түрдө чыкканын түшүндүргөн.

Марио Драги Италиянын өкмөтүн былтыр февраль айында жетектей баштаган. Драги 16-июнда Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен чогуу Киевге келип кеткен.

Июнь айында Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италиянын парламентиндеги "Беш жылдыз кыймылы" партиясы өзү да чачыраган. Бул саясий топтун атынан өкмөткө кирген тышкы иштер министри Луижи Ди Майо фракциядан чыкканын жар салган. Ди Майо муну мурдагы премьер-министр Жузеппе Конте жетектеген партиянын мүчөлөрүнүн көбү Украинага курал жеткирүүгө каршы чыгышканы менен түшүндүргөн. (ErN)

Дагы караңыз

Орусия "Түндүк агым-1" кууру аркылуу Европага газ берүүнү жанданттыБаткен: Журналисттин өлүмү боюнча сотко жабыркаган тарап келген жок Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу: келишимге үч президент кол койдуАКШ Украинага аскердик учактарды берүү маселесин караштыруудаКазакбаев: Борбор Азияга күчтүү саясий-экономикалык бирикме керек