Bloomberg: Гаага соту Орусияга каршы алгачкы иштерди кышында карайт

Харьковдогу Эл аралык кылмыш сотунун прокурору (солдо), 15-июнь, 2022

"Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Орусиянын Украинадагы согуштук кылмыштары боюнча алгачкы айыптарды быйыл кышында карап, чечим чыгарууга ниеттенүүдө", - деп билдирет Bloomberg басылмасы.

Биринчи иш боюнча соттук териштирүүнүн башталышынын так датасы белгисиз. Бирок Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, бул ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында болушу мүмкүн.

Украинанын өкүлдөрү Эл аралык сотко Орусияга каршы көрсөтмө бере турган Орусиянын аскерий туткунун күбө катары алып келүүнү сүйлөшүп жатканы айтылат.

Украинанын Башкы прокуратурасы согуштун биринчи күнүнөн тарта орус аскерлеринин согуштук кылмыштары боюнча далилдерди жана өз иликтөөлөрүн чогултууда. Март айында орус армиясынын Украинадагы кылмыштары боюнча далилдерди чогултуу үчүн Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту баш болгон бир нече европалык сот органдарын камтыган биргелешкен тергөө тобу түзүлгөн. Топтун ишин Европа Биримдигинин Сот адилеттиги боюнча кызматташуу боюнча агенттиги колдойт.

6-июлга карата Украинанын Башкы прокуратурасы согуш башталгандан бери 21 миңден ашуун аскерий кылмышты тергөөгө кабыл алды. Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Ирина Венедиктова Би-Би-Сиге анын агенттигине күн сайын болжолдуу кылмыштар боюнча 200-300дөй жаңы маалымат келип жатканын айткан.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айга аяк баскан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун 11-июлдагы эсебинде, 9 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

Дагы караңыз

Саммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолуна убактылуу чектөө киргизилетЕвробиримдик Орусиядан алтын импорттоого тыюу салдыЧолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?УКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдү