Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Евробиримдик Орусиядан алтын импорттоого тыюу салды


"Түндүк Урал алтыны" ишканасынын алтын куймалары.
"Түндүк Урал алтыны" ишканасынын алтын куймалары.

Евробиримдик шаршемби күнү Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кезектеги, жетинчи санкциялар пакетин жактырды. Санкциялардын тизмеси 21-июлда жарыяланат. Чектөөлөр Орусиядан алтынды жана зер буюмдарды алып чыгууга тыюу салат жана Сбербанктын Батыштагы активдерине бөгөт коёт.

Санкциялар ошондой эле 50дөн ашык юридикалык жана жеке жактарга жаңы экспорттук көзөмөлдү жана чектөөлөрдү камтыйт. Тизмеге актёрлор Сергей Безруков менен Владимир Машков, ошондой эле Москванын мэри Сергей Собянин кирген. Чектөөлөрдүн толук тизмеси жана алар кимге карата киргизилгени 21-июлда жарыяланат.

ЕБ санкциялардын бул пакетин "жетинчи" эмес, "алты+" деп дагы атоодо. Анткени мында жаңы киргизилген санкциялар анча көп эмес.

Ушул айдын башында Жапония санкциялардын жаңы айлампасын киргизип, орус алтынын алууга тыюу салган. Ошондой эле орусиялык 57 адамдын жана компаниянын активдери камакка алынган.

Июндун башында Европа Биримдиги Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин расмий түрдө бекиткен.

Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алган.

XS
SM
MD
LG