Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна байланыштуу 21-июлда Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизиле турганын кабарлады.
Маалыматка карганда, делегациялар келген маалда гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган автоунаалар эвакуацияланат. Аталган башкармалык жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жол боюнда таштабоого жана кароосуз калтырбоого чакырат.
21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. (КЕ)
Дагы караңыз
Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөтАКШ Украинага дагы төрт HIMARS системасын жиберет“МедиаХаб” кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компанияларды таап чыктыБритания: премьер-министрлик кызматка жарышта эки талапкер калды