Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

АКШ Украинага дагы төрт HIMARS системасын жиберет


АКШнын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынын атылган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларынын атылган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ жакын арада Украинага дагы төрт HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын жөнөтөт. Бул тууралуу атайын брифингде Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин билдирди.

Ллойд Остин HIMARS артиллериясын “украин күчтөрү өтө натыйжалуу колдонуп жатканын, бул согуш талаасындагы кырдаалды сезилерлик өзгөртүп койгонун айтты. Жаңы пакеттин алкагында ошондой эле мурдараак берилген артиллерияга жана башка жапырт аткылоочу системаларга дүрмөттөр да жеткирилет.

Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар келсе, алардын жалпы саны 16га жетип калат.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз маалыматтарында Украинанын колундагы үч даана HIMARS системасын жок кылганын билдирген. Украин аскерлери бир дагы жоготууну ырастаган эмес. Көз карандысыз булактардан маалыматтарды ырастоого мүмкүн боло элек.

Украин күчтөрү орус аскерлеринин командалык пункттарына, курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине мурда дагы чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерге жасалып же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салып келген. Июндан тартып фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Украин тарап ушул убакка чейин жикчилдер ээлеп турган аймактардагы Орусияга таандык 30дай объектини HIMARS менен талкалаганын билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG