Москва Украинанын орус аскерлери басып алган аймактарынын көпчүлүгүн аннексиялоого даярданып жатат. Бул тууралуу АКШнын президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Жон Кирби атайын брифингде маалымдады.
Америкалык чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянган Кирби, Кремль Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарынын аймактарын Орусиянын бир бөлүгү деп жарыялай турганын эскертти. Мындай аракеттерди Москванын Крымды аннексиялаган учуру менен салыштырды.
"Орусия Украинанын аталган аймактарында өзүнө баш ийе турган мыйзамсыз кызматтык адамдарды дайындап жатат. Бул адамдар биринчи кезекте жасалма референдумдарды өткөрөт, андан соң Орусия ал референдумдарды колдонуу менен суверендүү Украинанын аймагын аннексия кылууга киришет”, – деди Кирби.
Анын сөзүнө караганда, Орусиянын ниеттери тууралуу мурдагы божомолдор чалгын маалыматтарынын негизинде ырасталууда. Ал “аннексия аракети БУУнун жоболорун одоно бузарын жана жазасыз калбай турганын” кошумчалады.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Донбасс аймагы деп аталган Донецк менен Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер өзүн-өзү "республика" деп жарыялап, аларды Москва таанып койгон. Аларды коргоо максатында орус бийлиги "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирди.
Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. (ErN)
Дагы караңыз
Чолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?Министрлик ЖОЖдорду бириктирип, эркиндик берет"Жалал-Абад тазалык" ишканасы жаңы техника менен толукталды Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын лидерлери менен жолуктуКыргызстан Орусия менен эсептешүүсүндө толук бойдон орус рублине өттү