Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мекеменин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин оппозиция тууралуу айткандары боюнча пикирин билдирди.
20-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Дүйшөбаев Ташиевдин айтканын “абдан олдоксондук, ойлонбогондук жана алабармандык” деп атады.
Оппозициячыл саясатчы буга чейинки бийликтер тушунда да “саясий оппоненттеримди атам, жок кылам”, “Ак үйдүн тосмосун кармагандарды аттырам” дегендер болгонун белгилеп, “алар эмне менен бүткөнүн көрбөдүкпү” деп айтты:
“Биздин мамлекетте оппозиция болушу керек деп өзүлөрү айтып жатпайбы. Оппозиция мыйзам талаасында мыйзамдуу иш менен алектенсе бул кадыресе, көнүмүш эле нерсе болушу керек. Эч нерсе боло электе оппоненттерди "колуңду сындырам, жок болуп кетесиң", "күлүңдү көккө сапырам" деген… Буга чейин бийликтегилердин оозунан мындай сөз чыга элек эле. Бул үчүн тарых алдында жооп берет деп ойлойм. "Элдин арасында нааразылык жок, баарын гүлдөтүп салдык" десе, демек, булар жашоо-турмуштан өтө эле алыс калганынын белгиси”.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда "Саясат" маалымат каражатына маек куруп, "Бириккен демократиялык кыймылдын" Таластагы жыйынына байланыштуу пикирин билдирген.
“Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежур сөз. Кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөө жазда, бирөө 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн – кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз", - деген Ташиев.
"Бириккен демократиялык кыймыл" 16-17-июлда Талас облусунда жыйналып, Апрель баатырларына куран окутуп, эл менен жолукканын билдирген. Ага Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Канатбек Исаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Рыскелди Момбеков баштаган бир катар саясатчылар катышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейин бул кыймылды оппозициялык деп атоого болбой турганын айткан. (EBM/RK)
Дагы караңыз
Чолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?Көлдө быйыл өрүк мол, аларман жокБиринчи Май райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча алгачкы отурум өтөтКутманова: “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча соттук териштирүүгө чекит коюла элек