Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Биринчи Май райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча алгачкы отурум өтөт


Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотуу акциясы. Архивдик сүрөт.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотуу акциясы. Архивдик сүрөт.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иштин алкагында алгачкы соттук отурум болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыздын жакындары кабарлашты.

Свердлов райондук сотундагы териштирүү да уланууда. Отурумдар жабык, айыпталуучу жана жабыркаган тараптардын катышуусу менен гана өтүүдө. 12-июлдагы отурумга Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкүлдөрү киргизилген эмес.

Жараян өтүп жатканда сот имаратынын алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгондордун нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG