Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин кылмыш ишин кароону Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-июлда улантат. Каналдын уюштуруучусу, мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун маалыматы боюнча жактоочулар 18-июлдагы сот маалында Дүйшөмбиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруусун өтүнүшкөн, бирок ал канааттандырылган жок.
Сот 29-майда Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Март айынын башында аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козголгон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.
Прокуратуранын сотко кайрылышына Next TVнын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин билдирүүсү тууралуу кабар негиз болгону көрсөтүлгөн.
Мындан көп өтпөй, 5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты "экстремисттик" деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.
Медиа коомчулук Таалай Дүйшөмбиевдин камалышын сөз эркиндигине кысым катары баалап келатат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этият болууга жана эрежелерди сактоого чакырган. (KO)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө эки эс алуучу чөгүп кетти, төрт жашар кыз изделүүдө"Ажырашсаң өлтүрөм". Күйөөсү бычактаган келиндерИспания менен Португалияда аптаптан 700дөн ашык адам каза тапты